Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

"Ата Мекен" партиясы Социнтерндин жыйынына катышат


15-ноябрда Парижде башталчу эл аралык Социнтерн уюумунун кезектеги жыйынына катышууга “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө.Текебаев жана аталган партиянын мүчөлөрү Ж. Оторбаев, К. Самаков, К. Султанов, А Сасыкбаева бүгүн учуп кетишти. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, үч күндүк жыйында социалистик солчул демократиялык багыттагы европалык партиялардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар өтмөкчү.

“Ата Мекен” социалисттик партиясы 1992-жылы түзүлүп, өлкөдөгү солчул багыттагы активдүү саясий күчтөрдүн бири болуп саналат. Эл аралык Социнтерн уюмуна Борбор Азиядан жалгыз мүчө. Социалисттик интернационал уюму он тогузунчу кылымда пайда болуп, ошондон тарта дүйнөдөгү белдүү бир уюмдардын катарында иштеп келе жатат. (ES)

XS
SM
MD
LG