АКШ ЖакынкыЧыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу максатында Израилге сунуш жасады. Дипломаттык булактардын билдиришинче, ага ылайык, Израил үч айга Батыш Иорданда жөөт конуштарын курууну токтотууга тийиш. Бирок, Чыгыш Иерусалимде курулуш токтотулбайт. Ассошиэйтед Пресс агенттигинин маалымдашынча, Вашингтон 90 күн өткөндөн кийин Израилден мораторийди улантууну суранбайт. Ак Үйдүн береги сунушуна жараша, АКШ эларалык коомчулуктун Израилди сындаган резолюцияларына кошулбайт жана жөөт мамлекетине радарларга көрүнбөгөн 20 согуштук учак сатат.