Мусулмандардын ыйык шаары Мекеде 2 миллиондон ашуун адам ажылык парзын аткаруу боюнча диний жөрөлгөлөрдү баштады. Саудия өкмөтү чет өлкөлөрдөн 1,7 миллион мусулманга зыяратка уруксат берилгенин, 200 миң орун Саудиянын өз жарандары менен Перс булуңундагы коңшулаш өлкөлөрдүн букаралары үчүн бөлүнгөнүн маалымдады. Ажы ибадаттары беш күнгө созулуп, момун мусулмандар Мухаммед пайгамбар 14 кылым мурда баскан жолду кайталап, зыярат кылышат. Саудиянын ички иштер министри, ханзада Наяф бин Абдул Азиз 10-ноябрдагы билдирүүсүндө “ал-Каида” ажы маалында чабуул жасабайт деп кепилдик бере албасын эскерткен.