Ажылыкка келгендер быйыл Меккеге биринчи мерте поезд менен бара алышат. Атайын курулган экинчи темир жол түйүнү Мекке менен Жидданы туташтырат. Эмдиги жылы курулуш толук аяктаганда ар бир алты саатта поезддер жарым миллионго чукул зыяратчыны ташыганга үлгүрөт. Темир жол курулушу тууралуу келишимге Сауд Арапстан Кытай менен 2009-жылы февралда кол койгон. Өлкөнүн ички иштер министри быйылкы ажылык зыярат маалында "Ал-Каида" кыянат иштерди уюштурушу ыктымал деп эскерткен эле. Террорчул уюмдардын өкүлдөрү буга жооп кылып, мусулмандар арасында кан төкпөй турганын айтышты.