Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Францияда жаңы өкмөт түзүлдү


Франсуа Фийон премьер-министрлик кызматта калды. Кабинетте болгону эки министр гана алмашты. Атап айтканда, тышкы иштер министри болуп Бернар Кушнердин ордуна Мишел Альо-Мари дайындалды, коргоо министрлигине мурдагы премьер-министр Ален Жюппе келди. Байкоочулардын айтымында, өкмөттөгү орун которуулар менен президент Николя Саркози шайлоочулар арасындагы позициясын бекемдөөгө умтулууда. Бир катар кадамдардын, айрыкча пенсиялык реформа жөнүндө жакында кабыл алынган мыйзамдан улам Саркозинин калк арасындагы алымдуулугу төмөндөп кетти.

XS
SM
MD
LG