Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Ишкердиктин дүйнөлүк аптасына 2 миңден ашуун адам катышат


Бүгүн Кыргызстанда ишкердиктин дүйнөлүк ("глобалдык") жумалыгы башталалат. Иш-чараны уюштуруучулардын маалымдашынча, ага өлкөнүн ар аймагынан эки миңден ашуун жаштар катышмакчы. Анда ийгиликтүү ишкерлер бизнес жасоонун сырлары боюнча мектептерде окууларды өткөрүшөт. Аймактарда ишкерликти өнүктүрүү боюнча талкуулар болот. Ишкердиктин дүйнөлүк аптасын уюштуруп жаткандардын бири - Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев иш-чара жаштарга жаңы дем берип, жаңы ойлорду ишке ашырууга түрткү болот деген ойдо. (EBM)

XS
SM
MD
LG