Холерадан опот болгондордун жалпы саны 917ге жетти. Бул маалыматты өлкөнүн саламаттык сактоо министрлиги ырастады. Илдет октябрдын экинчи жарымында өлкөнүн түндүгүндө башталып, бат эле башка аймактарга жайылды. Ооруга чалдыккандар саны он төрт миңден ашты, өткөн бир сутка ичинде эле эки миңдей киши ооруканага жаткырылды.