Бүгүн түштөн кийин Улуттук филармонияда 7-апрелдеги окуяга катышкан 380 адамга “Апрель элдик революциясынын төш белгиси” тапшырылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров билдирди. Анын айтымында, төш белгилердин сексен үчү 7-апрелде окко учкандарга берилет. Ошондой эле бардык төш белги алгандарга 10 миң сомдон сыйлык тапшырылат. Иш-чарага президент Роза Отунбаева да катышмакчы. (IJz)