Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

AI: Европалык өкмөттөр АКШнын жашыруун программасына жардам берген


Эмнести Интернешнл (Amnesty International - AI) уюму Европанын өкмөттөрү 11-сентябрдан кийин ЦРУнун террористтерге каршы жашыруун программасына көмөктөшкөнун ашкерелеген докладын чыгарды. Анда европалык айрым өкмөттөр адам уурдоо, жашыруун авиакаттамдар, шектүүлөрдү мыйзамсыз кармоо жана кыйноолорду ишке ашырууга жардамдашкан деген фактылар келтирилет. Бул программага Германия, Италия, Литва, Македония, Польша, Румыния, Швеция жана Британиянын расмий адамдары активдүү катышканы белгиленет. Уюмдун өкүлү Жулия Хол АКШ өкмөтү да маалыматтарды ачыкка чыгара баштайт деген үмүтүн билдирди. Эмнести Интернешнл ЦРУнун программасынан жапа чеккендерге адилет мамиле кылууга үндөйт.

XS
SM
MD
LG