Миграция боюнча эл аралык уюм ЮСАИДдин колдоосу менен 23-ноябрда Ысык-Көлдө адам аткезчилигине каршы күрөшүү маселелерине арналган жыйын өткөрөт. Аталган уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Златко Жигичтин айтымында, бул иш чара өкмөттү, коомчулукту жана жарандык коомду адамдарды кулчулукка сатууга каршы тынбай күрөшүүгө үндөөгө багытталган. Миграция боюнча эл аралык уюм бул маселе боюнча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн үч жылдык долбоорду ишке киргизип жатат. (EBM)