Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Эртең К. Бакиев баштаган мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн соту болот


Эртең Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда 7-апрелде демонстранттарды массалык атуу фактысы боюнча ири сот процесси өтөт. Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров буга чейин билдиргендей, өтө оор кылмыштары үчүн айыпталуучуларды минтип сыртынан соттоо аракети Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ишке ашырылууда. 7-апрель күнү митингчилерге каршы ок атууга тиешеси бар деген айып 28 адамга тагылууда. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев, президенттин күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган алтоо чет мамлекеттерде качып жүрүшөт. А. Бекназаровдун айтымында, эгер сот айыпталуучуларды күнөөлөгөн өкүм чыгарса, анда кайсы гана мамлекет болбосун соттон качып жүргөн жогорудагы адамдарды өткөрүп берүүгө милдеттүү болуп калат. Ачык өтө турчу сот процессине миң чамалуу адам катышары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 7-апрелдеги кандуу бийлик алмашуу маалында 86 адам окко учуп, миңден ашыгы жаракат алган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG