Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Бүгүн апрель окуялары боюнча ири сот процесси башталат


7-апрелде куралсыз элге ок ачкан факты боюнча 28 адамга айып тагылууда. Анын ичинде экс-президент Курманбек Бакиев, президенттин күзөт кызматынын мурунку жетекчиси Жаныш Бакиев, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, мурунку өкмөт башчы Данияр Үсөнов бар, бирок алардын баары азыр чет мамлекеттерде жашырынып жүрүшөт. Азыркы бийлик өкүлдөрү өтө оор кылмыштар боюнча айыпталып жаткандарды сыртынан соттоо өлкө тарыхында биринчи жолу болуп жатканын билдирүүдө. 7-апрелде Бишкекте Ала-Тоо аянтында 86 адам окко учуп, дагы миңдейи жаракат алган. Бүгүнкү сот процесси Спорт ордодо өтөт, ага болжол менен миңдей адам катышмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG