Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

START келишими АКШ сенатында быйыл бекитилери арсар


Бул тууралуу таасирдүү республикачыл сенатор Жон Кайл билдирди. Документтин сенатта ратификациядан өтөрү күмөндүү экенин андан мурда экинчи бир көрүнүктүү сенатор Жон Маккейн да айткан эле. Алардан соң вице-президент Жо Байден сенатты аталган келишимди мүмкүн болушунча эртерээк ратификациялоого чакырды. Байден кокус келишим жактырылбаса, АКШнын улуттук коопсуздугу коркунучта каларын эскертти. Президент Барак Обама документти ушул жылдын этегине чейин ратификациялоого сенатты чакырган эле. Келишимди жактыруу үчүн демократтарга бир нече республикачыл сенатордун колдоосу керек болот.

XS
SM
MD
LG