Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Апрель окуясы боюнча сот башталды


Сотко катышып жаткан кабарчыбыздын маалыматы боюнча, соттолуучуларга тагылган айыптар менен тааныштырылууда. Баш прокурор К. Байболов мамлекеттик айыптоочулардын катарында сотко катышууда. Сот ачык өтүп жатат, ага болжол менен баш-аягы 500дөй киши катышууда. Соттук жараяндагы тартипке 200дөн ашуун милиция кызматкерлери Спорт сарайынын ичинен жана сыртынан көзөмөл жасоодо. Сот башталар алдында соттолуучуларга мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов келип кошулду.
Акыркы сааттарда мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунганов сотко алып келингени кабарланууда.
Сотко Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы Жакыпбек Бектемиров төрагалык кылып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG