Аталган ГЭСтин башкы инженери Сүйүн Абдурасуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, учурда агрегатты иштетүүчү негизги көзөмөл кабелдин ишин текшерүү жүрүп жатат. Азыр ГЭСке тетиктери орнотулган орусиялык “Ракурс” фирмасынын адистери тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. "Алардын иши аяктары менен Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты электр энергиясын иштеп чыгууга киришет",-дейт башкы инженер. Буга чейин Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты 10-ноябрдан тарта электр энергиясын иштеп чыга баштарын Энергетика министрлиги кабарлаган эле.
СССР тушунда башталып, токтоп калган Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу 2007-жылы улантылып, 1-агрегаты үстүдөгү жылдын 31-августунда салтанат менен ишке киргизилген. (ZKo)
СССР тушунда башталып, токтоп калган Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу 2007-жылы улантылып, 1-агрегаты үстүдөгү жылдын 31-августунда салтанат менен ишке киргизилген. (ZKo)