Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Евробиримдик Ирландияга көмөк көрсөтүүгө даяр


Евромейкиндиктин каржы (финансы) министрлери Ирландиянын банк тармагын кризистен чыгарууда Эларалык валюта кору менен чогуу иштешүүгө макул болушту. Бирок, Евротоптун төргасы Жан-Клод Юнкердин маалымдашынча, эми жардамды кабыл алуу-албоо боюнча өз чечимин расмий Дублин айтышы керек. “Европалыктардын жардамын суроо Ирландия өкмөтүнүн жоопкерчилигиндеги иш. Эгер ирланддар даяр болсо, жардамды ала алышат. Евротоп жана ага мүчө 17 мамлекет жардам бергенге даяр,” - деди Юнкер.

Ирландиянын премьер-министри Брайн Коуэн болсо өлкө сырттан колдоого муктаж эмес деп билдирди. Расмий Дублин банк тармагын кризистен куткарууга чоң каражат сарптаганынан улам өлкөнүн бүжөттүк тартыштыгы тереңдеп өсүп кеткен.

Еврокеңештин төрагасы Герман Ван Ромпейдин сөзүнө караганда, бир жыл мурда Грекияда башталган каржы кризиси Евробиримдиктин болочогуна олуттуу коркунуч келтиргени турат.

XS
SM
MD
LG