Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Обама орус журналисттерине кол салуулар боюнча Медведев менен сүйлөштү


Президент Барак Обама россиялык өнөктөшү Дмитрий Медведев менен орус журналисттерге жакында болгон кол салууларга байланыштуу узак жана оор аңгемелешкен. Сүйлөшүү 13-ноябрда Жапониядагы эл аралык жыйындын кулуарында болгонун Обаманын башкы кеңешчиси Майкл Макфол Конгрессте шейшемби күнү маалымдады:

- Мен президент Йокогамада Дмитрий Медведев менен жакындагы журналисттерге кол салуулар жөнүндө өтө узак, татаал, бирок ачык-айрым сүйлөшкөндө Барак Обама менен болчумун. Анда жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүү жана жооптууларды таап жазалоо канчалык маанилүү экени айтылды.

Конгрессте былтыр Москвадагы убактылуу абак жайда өлгөн “Hermitage Capital” корунун юристи Сергей Магнитский жөнүндө даректүү фильм да көрсөтүлдү. Адвокаттар менен укук коргоочулардын айтышынча, Магнитскийге тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Сергей Магнитский Россиянын ички иштер министрлигиндеги даражалуу чиновниктер арасындагы жемсөөлүктүн бетин ачмак болгондо “салык төлөбөдү” деп, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG