Жыйында деңиздин алабындагы беш өлкөнүн – Азербайжандын, Ирандын, Казакстандын, Россиянын жана Түркмөнстандын президенттери Каспийдин статусун, ошондой эле экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашат. Саммит маалында орус жана иран президенттери жолугушканы жатышат. Кечээ Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Рамин Махманпараст Russia Today телеканалында эки тараптын мамилелерин өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, дүйнөлүк башка мамлекеттер буга "каскак болбошу керек" деп билдирди. Россия быйыл Улуттар Уюмунун Иранга каршы күчөтүлгөн санкцияларын колдоп, андан соң Тегеранга ракеталык комплекстерди сатууну токтотту. Москванын бул кадамын Иран бийликтери сынга алган.