Буга айыпталуучулардын адвокаттары өздөрүнүн коопсуздугун камсыздап берүү өтүнүчү менен сотко кайрылуусу себеп болду. Он беш адвокаттын колу коюлган өтүнүч менен сот таанышып чыккан соң, апрель окуясы боюнча сот кийинки дүйшөмбүдө уланары жарыя кылынды. Бул жабырлануучулардын нааразылыгын туудурду. Ушул тапта жабырлануучулар сотту токтоосуз улантуу талабы менен борбордук аянтка нааразылык акциясына чыгышарын билдиришүүдө.
Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү кечээ башталган. Сот жүрүшүндө айыпталуучулардын адвокаттары кылмыш иши менен толук таанышуу үчүн сотту 40 күнгө жылдырууну өтүнүшкөн жана сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүшөрүн билдиришкен. Буга нааразыланган жабырлануучулардын чатагын милиция токтоткон болчу.
7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп 28 киши айыпталууда. Алардын ичинен мурдагы президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган алты жогорку кызматкер эл аралык издөөдө.(ZKo)