Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Эртең аба муздайт, айрым жерлерде жаан жаайт


Аба-ырайын маалымдоочу борбордун кабарлаганына караганда, 19-ноябрь күнү Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт. Түштүктө туман басат. Батыштан секундасына 2-7 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жеткен шамал согот.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүзү 6...11 даража жылуу болот. Талас, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 0...-5 градус суук болуп, күндүзү 5...10 даража жылыйт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында -2...+3, күндүзү 7...13 градуска ысыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -4...-9 градуска чейин суук болуп, күндүзү 5...10 даража жылыйт. Бишкекте түнкүсүн -1...+1, күндүзү 8...10 даража жылуу болот, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG