Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

Президент КМШнын жыйынына катышат


Мамлекет башчы Роза Отунбаева баштаган кыргыз делегациясы КМШ өкмөт башчыларынын жыйынына жана ЕврАзЭШтин 28-отурумуна катышуу үчүн бүгүн Санкт-Петербург шаарына жөнөп кетти. Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын отуруму эртең болот, күн тартибине азык-түлүк коопсуздугу, 2020-жылга чейин кызматташтык программасы жана эркин соода аймагы тууралуу келишимдин долбоорун даярдоо маселеси киргизилген. Мындан тышкары КМШ институтунун түзүлгөнүнө 20 жыл толгонуна байланыштуу сөз болушу күтүлүүдө.

Президентти КМШнын жана ЕврАзЭШтин Кыргызстандагы төрагасы Б. Мамбетов, каржы министри Ч. Имашев жана экономикалык тескөө министри Э. Үмөталиев коштоп жүрөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG