Өлкө каржылык кризис менен күрөшүү үчүн Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунунун миллиарддаган евро каражатына муктаж болуусу мүмкүн экендиги тууралуу Ирландиянын борбордук банкынын башчысы Патрик Хонохэн билдирди. Анын айтымында, бул жерде сөз каржылык жардамдын ар кандай чектөөлөр менен коштолуучу башка түрлөрү эмес, кредит жөнүндө жүрүп жатат. Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун эксперттери Ирландиядагы каржылык кырдаалды бүгүн талкуулашууда. Өлкөдөгү ири бюджет таңкыстыгы евроаймактагы каржылык туруктуулукка коркунуч туудуруп жатат. Буга чейин мындан алты ай мурда Ирландиядагыдай абалга кабылган Грецияга Евробиримдик менен Эл аралык валюта кору жалпысынан 110 миллиард евро жардам көргөзүүнү чечкен.