Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Жалал-Абаддын губернатору ачык кат жазды


Жалал-Абад облусунун губернатору президент Роза Отунбаевага, Жогорку Сотко жана парламентке өткөн беш партияга ачык кат жолдоду. Губернатор Жогорку Сотто карала турган жабдууларга байланыштуу “Кыргызнефтегаз” ишканасы менен жоопкерчилиги чектелген жеке менчик “Юнайтед компани” фирмасынын ортосундагы келишим маселесин “Кыргызнефтегаз” ишканасынын пайдасына чечүүнү өтүндү. Анын ачык кат жазуусуна ишкананын каттары 6 айдан бери президент менен өкмөткө жетпей жатканы себеп болгон. Бектур Асанов ушул көрүнүш Айдар Акаев менен Максим Бакиевдин схемасы Ак үйдө иштеп жатканын далилдерин, келишимге кол койгон “Кыргызнефтегаздын” мурдагы башчысы КСДПнын атынан депутат болгонун билдирди. Губернатордун ырасташынча, келишимдин айынан мамлекет 13 миллион доллар зыян тарткан. Мамлекеттик ишкана менен жеке менчик фирманын ортосундагы келишимди караган Бишкек райондук сот аны “Юнайтед компанинин”, Шаардык сот “Кыргызнефтегаздын “ пайдасына чечкен. (YA)

XS
SM
MD
LG