Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

Нобель Тынчтык сыйлыгы кытай диссидентине тапшырылбай калышы ыктымал


Нобель Тынчтык сыйлыгы боюнча комитеттин катчылыгынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, анын быйылкы лауреаты, кытай диссиденти Лю Сяобонун үй-бүлөсүнөн сыйлыкты алууга бирөө да келе алчудай эмес. Анткени лауреаттын өзү түрмөдө отурат, ал эми жубайы үй камагында. Нобель комитетинин катчысы Гейр Лундестаддын айтымында, сыйлыкты алууга келери жөнүндө лауреаттын башка туугандарынан да азырынча эч кабар түшкөн эмес. Эреже боюнча сыйлыкты лауреаттын өзү же анын үй-бүлө мүчөсү алуусу керек. Сыйлык Ослодо 10-декабрда тапшырылмак.

XS
SM
MD
LG