Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Орусия менен Ирандын президенттери Бакуда жолугушту


Жолугушуу Каспий боюндагы өлкөлөрдүн саммити учурунда өттү жана мамилеси жылуу эки өлкөнүн ортосунда жарака кеткен кезге туш келди. Москва менен Тегерандын мамилеси быйыл сентябрда Орусия Иранга S-300 үлгүсүндөгү ракеталарды сатуу планынан расмий баш тарткандан кийин бузулду. Мамиленин бузулушуна Орусиянын БУУнун Коопсуздук кеңеши талаштуу өзөктүк программасынан улам Иранга киргизген санкцияларды колдоосу да салым кошту. Ахмадинежад Орусияны АКШнын таасири астында калганы үчүн айыптаган. Бакудагы бүгүнкү жолугушууда орус президент Дмитрий Медведев Ахмадинежадга Ирандын өзөктүк программасы тынчтык нукта болуусу керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG