Швециянын соту кечээ Австралиянын жараны, 39 жаштагы Жулиан Эссанжды кармаганга көрсөтмө берди. Прокуратура аны беш кылмыш иши боюнча суракка алууну көздөп жатат. Эссанж быйыл августта жумушчу сапар менен Швецияда болгон эле. Эки күн ичинде ал бир аялды зордуктап, дагы экөөнү айыш-аширет ишке мажбурлаганга үлгүргөн. Прокуратуранын мындай айыптарын Эссанж караманча четке кагып, анын сайты жашыруун документтерди жарыялап жибергени үчүн кимдир-бирөөлөр андан өч алгысы келип жатканын билдирди. WikiLeaks сайты Ирактагы жана Ооганстандагы согушка байланыштуу миңдеген жабык документтерди жарыялап жиберип, кеңири таанылган.