Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Коогалаңда киши өлтүргөн деп шектелген кыргызстандык Орусияда кармалды


ИТАР-ТАСС маалымат агенттигинин кабарлаганы боюнча 30 жаштагы кыргызстандык жаран Орусиянын Челябинск аймагынан кармалган. Ал кыргызстандык күч кызматтары тарабынан 13-июнда улут аралык кагылышта киши өлтүргөнү үчүн август айынан бери эл аралык издөөгө алынган болуп чыкты. Учурда аны мекенине кайтаруу маселеси каралып жатат деп кабарлайт агенттик. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул боюнча маалыматы жоктугун “Азаттыкка” билдирди. ИИМдин сайтындагы эл аралык издөөгө алынгандардын арасында азырынча июнь окуясы боюнча айыпталып, издөөгө алынгандардын тизмеси илине элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG