Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Жарандык коом өкүлдөрү парламентке кайрылышты


Кырктан ашуун бейөкмөт жана коомдук уюмдун өкүлдөрү кол койгон кайрылуу депутаттарды апрель окуясын калыс териштирүүгө көмөктөшүүгө чакырган. Кайрылуу ээлери 7-апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнү акыйкат өткөрүүгө айрым бийлик адамдары кийлигишип жатат деп тынчсызданышат. Алар ошондой эле бул окуяны калыс териштирүү мамлекеттүүлүктү сактап калуучу саясий жана тарыхый натыйжаларга алып келет деп эсептешет.

Кайрылуунун көчүрмөлөрү мамлекет башчыга, Жогорку Сотко, апрель окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссияга, бир катар эл аралык уюмдарга жолдонгон. Катка бейөкмөт уюмдардан тышкары күч кызматтарынын ардагерлери, “ооганчылар” жана “Жоокерлердин энелери” комитети да кол койгон.

7-апрель күнү куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп 28 кишиге айып тагылган. Алардын ичинен жыйырма чактысы күч кызматкерлери. (ZKo)

XS
SM
MD
LG