Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 09:23

Кыргызстанда инфляция 15,7% өстү


Бул акыркы эки-үч айдын ичинде нан, ун, май жана башка азык-түлүк товарларынын, күйүүчү майдын баасы кескин көтөрүлгөнү менен байланыштуу деп айтылды кечээ өткөн өкмөттүк жыйында. 1-вице-премьер-министр Амангелди Муралиев монополияга каршы күрөшүү агенттигине бааны арзандатуу жагын күйүүчү май монополисттери менен карап чыгууну, ал эми бажы, ИИМ, чек ара кызматына азык-түлүктү аткезчилик жол менен чыгарып кетүүнү көзөмөлдөөнү тапшырды.

Адистердин белгилегени боюнча жыл аягына чейин инфляциянын деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу 17 пайызга жетүүсү мүмкүн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG