Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Быйыл пахта менен кызылчанын түшүмү арбын


Быйылкы пахтадан алынган түшүм 70 миң тоннадан ашты, өткөн жылы пахтакерлер 49 миң тонна ак була жыйнашкан. Ал эми кант кызылчасы дээрлик үч-төрт эсе көп жыйналып алынды. Өткөн жылы 50 миң тонна кант кызылчасы алынса, быйыл 150-180 миң тоннага чыкты деп билдирди журналисттерге вице-премьер-министр Александр Костюк.

Дыйкандар кант кызылчасынын баасы көтөрүлбөй, кайра иштетүүчү завод тарабынан кызылчанын канттуулугу төмөндөтүлүп көрсөтүлүп жатканына нааразылыгын билдирип келишет. Кызылчачылар быйыл түшүмүн 1 кг. 2,5 сомдон “Кайыңды-кант” заводуна өткөрүшкөн. Ал эми пахтанын учурдагы орточо баасы 1 кг = 35 сом, өткөн жылы 17 сом болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG