Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

НАТОнун саммитинде Ооганстандан аскерлерди чыгаруу талкууланат


Бүгүн Лиссабонго чогулган Түндүк атлантикалык альянска мүчө 28 өлкөнүн лидерлери Ооганстандан эл аралык аскер күчтөрүн качан чыгарып кетүүнү талкуулашары айтылды. Буга чейин ооган президенти Хамид Карзай 2014-жылдан тарта өлкөдө коопсуздукту камсыз кылуу вазыйпасын жергиликтүү күчтөргө берүүнү сунуштаган эле. Ал сунушту бүгүн НАТОнун мүчөлөрү колдошу мүмкүн. Президент Карзай өзү саммитте эртең сүйлөт. Ооганстанда азыр дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен барган 140 миңдей аскер бар. Батыштагы айрым өкмөттөрдүн өкүлдөрү ал аскерлер келерки жылдан тарта акырындап чыгарылып, 2015-жылы толугу менен өлкөдөн кетет дешкен. НАТОнун саммитинде Европаны ракета чабуулдарынан коргоо үчүн тургузулчу система да талкууланат. Ага буга чейин Орусия каршылык көрсөткөн эле. Саммитке орус президенти Дмитрий Медведев да катышууда.

XS
SM
MD
LG