Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Бүгүн Азербайжанда камактагы экинчи блоггер да бошотулду


Эмин Миллини түрмөдөн чыгаруу жөнүндө буйрукту сот бүгүн чыгарган. Кечээ дагы бир блоггер Аднан Хажизаде да бошотулган эле. Алар Бакудагы ресторанда башаламандык уюштуруп, мушташка катышкан деген айып менен былтыр ноябрда бирөө 2 жылга, дагы бири 2,5 жылга камалышкан эле. Блоггерлер өздөрү муну алардын журналисттик иши менен байланыштырышкан. Дүйнөдө журналисттердин укугун коргоо боюнча уюмдар бир жыл бою эки блоггерди тең түрмөдөн бошотууну бийликтерден талап кылып келишти. Укук коргоочулардын айтымында, алар сатирикалык блогу үчүн эркинен ажыратылышкан. Анткени блоггерлер оюн көрсөткөн тасма тартып, анда маалымат жыйынын кадимки эле эшек өткөрүп, буйрук берип жаткандай кылып көрсөтүшкөн жана аны интернетке илип коюшкан.

XS
SM
MD
LG