“Балдардын келечегине кам көрүү – миң жылдыкта өнүктүрүү максаттарына жетишүүнүн өбөлгөсү” аттуу тегерек стол талкуусуна президент Роза Отунбаева, өкмөт мүчөлөрү жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Өз сөзүндө президент Р. Отунбаева өлкөнүн бирден-бир идеологиясы балдарга арналышы керектигин белгилеп, өлкөдө орун алган кандуу окуяларга аргасыздан күбө болуп калган балдарга жана мигрант ата-энелердин балдарынын психикалык саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалады. Талкуунун соңунда президент мындай жыйындардын жер-жерлерде өткөрүлүп турушуна кызыкдар экенин билдирди. Негизинен тегерек столдо кароосуз калган, мектепке барбаган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрүн чечүү тууралуу кеп козголду. Бул тууралуу аталган иш-чарадан “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. (ES)