Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Кыргыз сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү Австрияда ачылды


Кыргыздын таанымал сүрөтчүсү Асатилла Тешебаевдин соңку эмгектери камтылган сүрөт көргөзмөсү Австриянын Грац шаарында ачылды. 53 жаштагы А.Тешебаевдин эмгектеринин көргөзмөлөрү буга чейин Орусияда жана Батыш Европанын бир катар шаарларында ийгиликтүү өткөн.

19-ноябрда Грац шаарында көргөзмөнүн ачылыш салтанаты болуп, ага Австриядан тышкары, Кыргызстан, Монголия, Казакстан, Чехия, Орусия, Украинадан келип, Батыш Европанын ар кыл шаарларында байырлаган өнөр устаттары жана сүрөт өнөрүн аздектегендер катышышты.

Грацтагы орус тилдүү жамааттын маданий уюмунун башчысы Елена Риттер, сүрөтчүлөр Светлана Шенк менен Энгелберт Хүблер кыргыз сүрөтчүсүнүн чыгармачылыгына жогору баасын беришти.

А.Тешебаев Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун (ВГИК) бүткөн. Акыркы 9 жылдан бери Австриянын экинчи чоң шаары Грацта жашайт.

XS
SM
MD
LG