Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Социалдык кызматкерлерди даярдоо аракети башталды


Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин байкоочу кенешинин мүчөсү Аскарбек Мамбеталиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда жогорку квалификацияланган социалдык тармакта иштей турчу адистер жокко эсе. "Социалдык тармакта иштей турчу иштер көп. Маселен бизде согуштун ардагерлери, майыптар, кароосуз калган кары-картаңдар көп, бирок аларга социалдык кызмат көрсөтө ала турган адистер жок. Өлкөдө күн сайын социалдык кызматкерлерге суроо-талап өсүп жатат. Социалдык кызматкерлерди даярдоо алгач АКШда башталып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен. Эгер өкмөт да, коомчулук да түшүнүү менен бул демилгени колдоп кетсе, келечекте социалдык багыттагы ар тармактын адистерин окуткан факультетти ачуу оор иш эмес",-дейт А. Мамбеталиев. Аталган демилге боюнча учурда И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин социалдык жана тарых кафедрасынын базасында социалдык кызматкерлерди даярдоо иштери башталды жана мындай иш-аракет тууралуу маалымдаган интернет сайты да ачылды. (ES)

XS
SM
MD
LG