11-сентябрдагы жардырууларынан кийин Нью-Йоркто урандыларды тазалоо иштерине катышкан 10 миңден ашуун адамга бийлик компенсация катары 625 миллион доллар төлөп берет. Курулуш жумушчулары, полиция жана өрт өчүргүчтөр 2001-жылы болгон окуядан кийин алар уулуу заттардан коргонуу үчүн керектүү жабдыктар менен камсыздалбаганын ырасташууда. Алардын айрымдары дем алуу органдары жабыркаганын, башка олуттуу илдеттер пайда болгонун айтышат. Ден соолугуна келтирилген зыянга жараша ар бирине 3 жарым миңден 1 миллионго чейин компенсация төлөнөт.