Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Лиссабондо НАТОнун саммити өтүүдө


НАТО Ооганстандагы коопсуздук камсыздоо милдетин 2014-жылдын этегине чейин ооган аскерлерине өткөрүп берет. Бул тууралуу НАТОнун Лиссабондо өтүп жаткан саммитинде ооган президенти Хамид Карзай жана альянс баштаган бейпилдик контингентине кирген 48 өлкөнүн өкүлдөрү макулдашты.

Айрым вилаеттерди Кабулдун көзөмөлүнө өткөрүп берүү жараяны эмки жылы башталарын Түндүк Альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен билдирди. Баш катчы ошондой эле контингент чыгарылгандан кийин да жаңжалдын кайра жанданышын алдын алуу үчүн НАТОнун аскерлери Ооганстанда кала берерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG