Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Ал-Кайида бөлүмү катка салынган бомбаларды жөнөтүүнү уланта берээрин билдирди


Ал-Кайиданын Араб жарым аралындагы бөлүмү Батыш өлөлөрүнө катка салынган бомбаларды жөнөтүүнү уланта берээрин билдирди. Өткөн айда Йеменден АКШга жөнөтүлгөн таңгактарда жардыргыч заттар табылган. Алар жарыла электе зыянсыздырылган. Интернетте жарык көргөн билдирүүдө андай бомбаны жасап жөнөтүүгө 4 миңдей доллар жумшалаары айтылат. Террордук топ ырастагандай, алар 11-сентябрдагыдай масштабдуу терактты максат кылышпайт, жөн гана майда кол салуулар аркылуу АКШнын экономикасына зыян келтирүүнү көздөшөт. Вашингтон топтун билдирүүсүнө комментарий жасай элек.

XS
SM
MD
LG