Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

АКШ: Пхеньян атом бомбасын жасоону каалап жатканын көрсөттү


АКШнын куралдуу күчтөрүнүн бирдиктүү штабынын башчысы Майк Мюллен Түндүк Кореяда уранды байытуу боюнча жаңы заводдун ачылышы “Бул мамлекет атом бомбасын жасоону каалап жатканынан кабар берет” деп билдирди. Адмирал Мюллен Орусияны, Кытайды, АКШны, Жапонияны жана Түштүк Кореяны бул боюнча биргелешип Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирге басым жасоого үндөдү. Пхеньяндын атомдук жашыруун иштеринен кабары бар америкалык окумуштуу Зигфрид Хеккер жаңы заводдун мүмкүнчүлүктөрү өтө кеңири экенин айткан. АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Стивен Босворт бул боюнча регионалдык лидерлер менен жолугуш үчүн кечээ кечинде Сеулга келди.

XS
SM
MD
LG