Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

ТИМ: жүргүнчүнү зордуктаган чек арачы камакта


Кыргыз тышкы иштер министрлигинин маалымдаганына караганда, мындан эки ай мурун кыргызстандык жүргүнчүнү зордуктаган казак чек арачысы эркиндикке чыгарылды, ага козголгон кылмыш иши жабылды деп жазылып жаткан маалыматтар туура эмес. Бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишине Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тыкыр көз салып, жергиликүү тартип коргоо органдары менен байланышып турат. 17-сентябрда кыргызстандык жаранды зордуктаган казак чек арачысы А. Байбосунов 20-сентябрдан бери камакта жатат, анын баш коргоо чарасы 22-декабрга чейин өзгөртүлбөйт, деп билдирет тышкы иштер министрлиги. Маалыматта зордукталган кызга өзүнүн өтүнүчү менен Актөбө-Москва поездине билет алуу үчүн 22 400 теңге (УБ курсу боюнча 7000 сомдун айланасында) төлөнүп берилгени, 22-сентябрь күнү ал Казакстандан Орусияга чыгып кеткени айтылат. Бул иштин жүрүшү боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги дагы маалымдап турмакчы.

17-сентябрь күнү Бишкек-Москва поездинде бараткан кыргызстандык жүргүнчү кызды Казакстандын Жайсаң чек ара түйүнүнүн кызматкери зордуктап салганына нааразылык билдирген жүргүнчүлөр поездди милиция жана кыргыз элчилигинен өкүлдөр келгенче тогуз саат ордунан жылдырбай кармап турушкан. Натыйжада кыргызстандык жүргүнчүнү зордуктаган казак чек арачысы кармалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG