Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Үй камагындагылардын баарын камоо өтүнүчү берилди


Мамлекеттик айыптоочулар апрель окуясы боюнча айыпталып, бирок үй камагына чыгарылган бардык айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот бул өтүнүчтү кароо үчүн убакыт сурап, кыска тыныгуу жарыялады. 7-апрелде куралсыз элге ок аткан, ок атууга буйрук берген деп айыпталган 28 кишинин алтооно эл аралык издөө жарыяланган, үчөө Коопсуздук кызматынын камагында, калган он тогуз киши үй камагына чыгарылган. Булардын ичинен үчөө: президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, экс-президент К. Бакиевдин катчылыгын жетектеп келген Оксана Малеваная жана мурдагы Баш прокурор Нурлан Турсункуловдун дайыны белгисиз болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG