Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Аба ырайы


23-ноябрда Кыргызстанда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында гана түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрди түзөт.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -5 градуска чейин муздап, күндүзү 3...8 даражага жылыйт, Талас облусунда түнкүсүн -1..-6 даража сууп, күндүзү 1...6 даража жылуу болот. Баткен, Жалал-Абат, Ош облустарында облусунда түнкүсүн -3...+2 даража, күндүзү 6...12 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...+3, күндүзү 4...9 даража жылуу болот. Нарында түнкүсүн -3...-8 градус сууп, күндүзү 3...8 даража жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, туман түшүүсү мүмкүн. Аба түнкүсүн -2 градус сууп, күндүзү 5...7 даража жылуу болот деп маалымдайт, Кыргызстандын синоптиктери.

XS
SM
MD
LG