Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:44

Эл аралык уюмдар коалиция түзүүнү тездетүүгө чакырды


ЕККУ, Евробиримдик жана БУУнун атайын өкүлдөрү парламенттик шайлоодо утуп чыккан партиялардын фракцияларын коалициялык өкмөт түзүүнү тездетүүгө чакырган билдирүү таратышты. ЕККУнун атайын өкүлү Жаныбек Карибжанов, БУУ баш катчысынын атайын өкүлү жана Улуттар уюмунун Борбор Азия боюнча алдын алуу дипломатиясынын аймактык өкүлү Мирослав Енча жана Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Пьер Морель билдирүүсүндө Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоонун маанилүүлүгүн белгилеп, анда утуп чыккан партияларды жоопкерчилик менен аракеттенүүгө жана жакын арада коалициялык өкмөт түзүүгө чакырган. Алар өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн өкмөт тарабынан натыйжалуу аракеттер зарылдыгын белгилешет. Билдирүүдө айтылгандай, ЕККУнун 1-2-декабрь күндөрү Астана шаарында өтүүчү саммитинде Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүү тууралуу маселе кайрадан талкууланат.

Эл аралык уюмдардын атайын өкүлдөрү билдирүүсүн Кыргызстанга жасаган бирдиктүү иш сапарынын аягында жасашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG