Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Абдулла падышанын милдетин ханзада Султан аткарат


Сауд Арабиясынын падышасы Абдулла саламаттыгына байланыштуу АКШга дарыланууга шашылыш учуп кетти. Саудиянын SРА жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, 87 жаш курагындагы Абдулла падыша өлкөнү жетектеп турууну ханзада Султанга тапшырган. Коргоо министрлигин жетектеген Султан ханзаданын жашы да 80дин тияк-быягында. Султан Мароккодо үч ай эс алууда болуп, өлкөгө жекшемби күнү эле кайтып келген. Саудия дүйнөдөгү ири мунай өндүрүүчү держава жана мунайдын кору боюнча да көч башында турат.

XS
SM
MD
LG