Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Санпадагы киши өлтүрүү боюнча өкүм чыгышы мүмкүн


Мурдагы сот процессинде мамлекеттик айыптоочулар соттолуп жаткан 18 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратууну, дагы бир соттолуучу, Сузактагы Москва колхозунун мурунку башкармасы Усманжан Аблазовдун үй-мүлкүн конфискациялап, жашы 60тан ашканына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесинин 5 пунктуна ылайык 25 жылга эркинен ажыратууну сурашкан. Жарыш сөзгө чыккан жабырлануучулар баарына бирдей жаза берип, өмүрүнүн акырына чейин кесүүнү өтүнүшкөн.

Ушул тапта Санпа пахта иштетүүчү заводунун жанындагы киши өлтүрүү боюнча сот башталуунун алдында. Ноокенде өтүп жаткан көчмө сотко соттолуучулар алынып келинди, кырдаалга милиция жана атайын бөлүктүн кызматкерлери көзөмөл кылышууда.

13-июнь күнү Бишкек-Ош жолунун боюндагы пахта иштетүүчү Санпа заводунун жанында 500-600 киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларга кол салып, ок чыгарышкан. Натыйжада он киши өлүп, эки адам дайынсыз жоголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG