Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Апрель окуясы боюнча соттук отурум иш мөөнөтүн бекитти


Соттун чечими менен эми соттук отурумдар жума ичинде дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 10дон 16га чейин өткөрүлөт. Кечээ башталган соттук отурумда айыпталуучулардын адвокаттары сот процессин жуманын дүйшөмбү, шаршемби жана шейшемби күндөрү өткөрүү сунушун киргизген. Буга жабырлануучу тарап макул болбой, жума ичинде 4 күн сот отурумун уюштурууну сунуштаган.

17-ноябрда баштаган апрель окуясы боюнча сот иши кечээ уланып, анда айыпталуучулардын үчөө - президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, экс-президенттин катчылыгын жетектеген Оксана Малеваная жана мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов сотко келген эмес жана алардын дайыны белгисиз болуп чыкты.

Сотко төрагалык кылган Жакыпбек Бектемиров сотко келбеген 3 айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, Улуттук коопсуздук кызматынын абагына камоого өкүм кылды.(GA)

XS
SM
MD
LG