Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

КТРК башкы директорлугу үчүн сынакка катышууга арыз бергендердин тизмеси жарыяланды


Коомдук телерадио компаниянын байкоочулар кеңешинин маалыматы боюнча, сынакка катышууга 16 адамдан арыз түшкөн.Ушул жума ичинде кеңештин мүчөлөрү сынакка катышууга арыз бергендердин толук документтери менен таанышып, жолугушкандан кийин талапкерлердин тизмеси жарыяланат. Сынак экинчи жолу ушул жылдын 2-ноябрында жарыяланган.

Кечээ Коомдук телерадиокомпаниянын башкы директорлугуна талапкерлердин бешөө УТРКнын Байкоочу кеңешин таратуу кайрылуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештеги фракция башчыларына кайрылышты. Алар убактылуу өкмөт тарабынан бекитилген жобо Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүн тандоо учурунда так сакталбагандыктан телерадио тармагын ичинен билген адискөй адамдар курамда азчылыкты түзүп калды деп эсептешет. (GA)

XS
SM
MD
LG