Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Адвокаттар: апрель окуясы боюнча сотко президент укуктук баа берсин


Мындай өтүнүч жазылган катты “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаты Чолпон Жакупова президентке жолдоду. Катта апрель окуясы боюнча жүрүп жаткан сотто кырдаал теңирден тескери өнүгүп, айыпталуучулардын адвокаттарынын дарегине ар кандай кемсинтүүчү жана коркутуп-үркүткөн сөздөр айтылып жатканы жазылат. Укук коргоочу мындан тышкары апрель окуясы боюнча сот жараяны айрым мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан бир жактуу берилип жатканын, айыпталуучулардын адвокаттарына юстиция министрлиги тарабынан да кысым болуп жатканына президенттин көңүлүн бурууга аракеттенген.

Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаттары өздөрүн коркутуп-үркүткөн кишилерге карата чара көрүү талабы менен бүгүн Улуттук коопсуздук кызматына жана Башкы прокуратурага кайрылуу жолдошту.

17-ноябрь күнү Спорт сарайында башталган апрель окуясы боюнча сотто жабырлануучулар тарап айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарынын дарегине кемсинткен, коркутуп-үркүткөн сөздөрдү айтып, айрымдары кол көтөрүп жибергени маалымдалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG