Казакстандын тамеки талааларында иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар келишим боюнча иштеп жатышат деп билдирди акыйкатчынын орун басары Токтокан Боромбаева. Анын бүгүн маалымат жыйынында билдиргени боюнча Акыйкатчы институтунан атайын түзүлгөн топ Казакстандагы кыргызстандык мигранттардын абалы менен таанышып кайтты. “Казакстандын Чилик аймагында 390 кыргызстандык мыйзамдуу иштейт, алар казак фермерлери менен атайын келишим түзүп, ага ылайык тамекиден түшкөн пайданын жарымына ээ боло алышат, бул биздин мекендештердин өз укугунан пайдаланууну үйрөнүшкөнүн көрсөтүп турат дейт Т. Боромбаева. Казакстанда иштеген мигранттар балдарын мектепке кабыл албай жатышканын билдиришкен. Акыйкатчы орун басарынын белгилөөсү боюнча бүгүнкү күнгө чейин Казакстанда мектепке алынбай жаткан кыргызстандык 145 баланын жарымы мектепке барды.
Мындан бир нече жыл мурда Казакстандын тамеки талааларында иштеген кыргызстандык мигранттар эмгек акысын ала албай, бир нече жылдап акысыз иштеген учурлары катталган эле. (ZKo)
Мындан бир нече жыл мурда Казакстандын тамеки талааларында иштеген кыргызстандык мигранттар эмгек акысын ала албай, бир нече жылдап акысыз иштеген учурлары катталган эле. (ZKo)