Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

А. Келдибеков: СДП лидери так сунуш билдирген жок


“Ата-Журт” фракциясынын лидери Акматбек Келдибековдун “Азаттыкка” бүгүн социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев менен коалиция түзүү маселесин талкуулаганын билдирди. Анын айтымында, талкуу кеңешүү мүнөзүндө гана өттү, конкреттүү сунуштар деле болгон жок. “Эгер кандайдыр бир так сунуштар болсо, биз жалпы фракциянын отурумунда карайбыз,” - деп билдирди А. Келдибеков.

Коалиция түзүүнү колуна алган социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев кечээ “Ар-Намыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен жолугуп, ага коалиция түзүү тууралуу бир катар сунуштарын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG